Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исалиев: эл каттоого карата 24 109 кызматкер атайын окуудан өтөт

© Sputnik / Досхан НусупбековУлуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев учурда 2020-жылкы эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгүнө даярдыктар кызуу жүрүп жатканын айтты.
Исалиев: эл каттоого карата 24 109 кызматкер атайын окуудан өтөт

"Эл каттоо-2020" иш-чарасына карата 24 109 кызматкер атайын окуудан өтөт. Бул тууралуу Кошой Исалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каттоочулардын окуусу төрт этаптан туруп, 2020-жылдын 20-мартына чейин созулат.

"2020-жылы өтө турчу каттоо өнөктүгүнө болжол менен 25-27 миң кишини тарталы деп турабыз. Бүгүнкү күндө каттоочуларды окутуу иштери жигердүү аткарылып жатат. Ага ылайык, төрт этаптан турган окутуулардын алкагында 1-октябрдан 20-октябрга чейин 19 борбордук аппараттын кызматкерлери жана башкы эсептөө борборунун 28 IT-адиси окутулат. 14-25-октябрда даярдыктардын экинчи этабы башталып, анын жүрүшү менен 143 мамлекеттик статистикалык органдардын кызматкерлери окуудан өтөт. 2020-жылдын февраль айында окуу процессинин үчүнчү этабы ишке кирип, аталган айдын аягына чейин 536 каттоо бөлүмүнүн координаторлору жана 1607 көзөмөлдөөчү инструктор милдеттери менен таанышат. Ал эми төртүнчү этап эмдиги жылдын 1-мартынан баштап 20-мартка чейин созулуп, анын жүрүшүндө 24 109 каттоочу толугу менен тийиштүү окуудан өтүп бүтөт. Анткени 23-марттан тарта 2020-жылкы эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү старт алат ", — деди Исалиев. 

Ошондой эле ал 2020-жылкы калкты жана турак жайды каттоо өнөктүгү электрондук форматта өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0