Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

ИИМ өкүлү: балдарды автоунаада ташууда жаңы эрежелер кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель начальника ГУОБДД Нур Сатыбалдиев
Заместитель начальника ГУОБДД Нур Сатыбалдиев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин ЖКККББнын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев баланы унаага коопсуздук курун курчантпай салып жүргөн айдоочуларга 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынарын айтты.
ИИМ өкүлү: балдарды автоунаада ташууда жаңы эрежелер кирди

12 жашка чейинки жеткинчектин боюна жана салмагына шайкеш болгон атайын авто отургуч бар кезде гана баланы алдыңкы орунга отургузууга уруксат берилет. Бул тууралуу Нур Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жеке ишкерлер балдар үчүн коопсуздук курларын чет мамлекеттен алып кирип жатканда бажы төлөмүнөн бошотулса жабдыктар тез алып келинип, калкка арзан баада сатылмак.

"12 жашка чейинки балдарды ташууга тыюу салган нормалар мурда эле бар болчу. Бирок толук кандуу иштебей жаткан. Балдардын коопсуздугу үчүн колдонулган автокреслолордун баасы жогору жана актуалдуу эмес болчу. Азыр эми балдар үчүн жаңы коопсуздук курлары чыкты. Аны баланын бою жана салмагына жараша ылайыктап сатып алыш керек. Бизде андай курлар сатыкка чыга элек. Өкмөттүн токтому күчүнө киргенден баштап ИИМ тарабынан бир ай бою калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Жаңы норма боюнча баланы ташып жүргөн ар бир айдоочу, такси унаалары атайын балдар үчүн курларды алышы талап кылынат. Эгер эне баланы колуна алып отурган болсо, өзү сөзсүз түрдө кур тагынып, көңүлү бөбөктө болушу керек. Эң коопсузу баланы авто отургучка отургузуп, эне жанында болгону жакшы. Анан биз, кыргыздар, ушундай калкпыз, бир машинага 10 киши тыгылып отуруп алабыз. Минтип өмүрүбүздү тобокелчиликке салбай, жаңы талаптарга баш ийип жашоого чакырам", — деди Сатыбалдиев.

Ал ошондой эле баланы мотоциклдин арткы отургучунда, борттук платформасы бар жүк ташуучу автомобилдин кузовунда ташууга тыюу салынганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0