Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ачикеев: алимент төлөөдөн баш тарткандардын мүлкү камакка алынат

© Sputnik / Эркин СадыковБишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун сот аткаруучусу Эмил Ачикеев
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун сот аткаруучусу Эмил Ачикеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун сот аткаруучусу Эмил Ачикеев алимент төлөөдөн баш тарткан жарандардан аталган каражат мажбурлоо жолу менен өндүрүлөрүн айтты.
Ачикеев: алимент төлөөдөн баш тарткандардын мүлкү камакка алынат

Мыйзам боюнча алимент төлөөдөн качкан жарандар административдик жоопкерчиликтен баштап кылмыш жазасына чейин тартылат. Бул тууралуу Эмил Ачикеев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алименттен качып жүргөн жарандарга төлөнө турчу каржат ай сайын карыз катары жазылып, кийин ал милдеттүү түрдө өндүрүлөт.

"Мыйзамга ылайык, алимент төлөөдөн качкан жарандар иштебесе, мүлкү камакка алынып, сатыкка коюлат жана андан түшкөн каражаттын эсебинен доогерге тийиштүү бөлүгү өндүрүлүп берилет. Ал эми калганы ээсине кайтарылып, укук коргоочулар тарабынан алиментти өз убагында төлөп туруу боюнча милдеттеме алынат. Ошондой эле иши да, мүлкү да жок болгондорго алгач айып салынып, кийин коомдук жумуштарды жасоого тартылат. Ал да таасир этпесе алиментке байланыштуу карызын төлөөгө мөөнөт берилет. Буга да баш ийбесе, анда Кылмыш-жаза кодексинде каралган чаралар колдонулат", — деди сот аткаруучу.

Ошондой эле ал алимент төлөөдөн качкандар кийин жумушка орношкондо мурдагы карыздары кошулуп эсептелген сумма айлыгынан алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0