Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбекова: 2020-жылга чейин Бишкектеги бардык көчөлөргө аталыш берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековСтарший специалист сектора топонимики и регистрации памятников ведомства Жылдыз Талантбекова
Старший специалист сектора топонимики и регистрации памятников ведомства Жылдыз Талантбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын топонимика жана эстеликтерди каттоо секторунун башкы адиси Жылдыз Талантбекова борбор калаадагы көчөлөргө ат берүү иштери тынымсыз жүрүп жатканын айтты.
Талантбекова: 2020-жылга чейин Бишкектеги бардык көчөлөргө аталыш берилет

2020-жылкы эл жана турак жай фондун каттоого чейин Бишкектеги аталышы жок бардык көчөлөргө аталыш ыйгарылат. Бул тууралуу Жылдыз Талантбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн географиялык аталыштар жөнүндө мыйзамына ылайык бардык көчөлөрдүн аталышы болушу керек.

"2018-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын кайрылуусу менен 96 көчөгө аталыш берилди. Быйыл дагы бул багытта иштер жигердүү аткарылып жатат. План боюнча 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү башталганга чейин бардык аталышы жок көчөлөргө ат берилиши керек. Азыркы учурда Бишкек шаардык кеңеши аталышы жок көчөлөрдүн жайгашкан жеринин жана ал жактагы курулуштардын мыйзамдуулугун карап жатат", — деди Талантбекова.

Ошондой эле ал 2028-жылга чейин Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүүгө мораторий киргизилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0