Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаков: сыйлык берүү боюнча жобону өзгөртүү керек

© Sputnik / Сергей АладьевБилим берүү жана илим министри Каныбек Исаков
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдерге сыйлык берүү боюнча министрлик эмес, өзүнчө комиссия иштей турганын айтты.
Исаков: жаш мугалимге сыйлык берилгени үчүн кечирим сурайм

23 жаштагы жаш мугалимдин "Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыгын алгандыгын ЖМКлар аркылуу билдим. Ал кызды менин тууганым деп жатышат, бирок мындай сөз чындыкка дал келбеген маалымат. Бул тууралуу Каныбек Исаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сыйлык берүү боюнча чечим кабыл алган комиссияга министрдин жеке тиешеси жок.

"5-октябрь - Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата, бул тармакта эмгектенген 1000ге чукул адиске Ардак грамоталар жана "Билим берүүнүн мыктысы" сыйлыктары ыйгарылган. Ошол педагогдордун арасында 23 жаштагы мугалим кыздын сыйлык алганы катуу талкууга түштү. Аны менин тууганым деп да чыгышты. Чынында мен ал мугалимди тааныбайт экенмин. Негизи эле бул тармакта 25 жылдан бери иштеп келе жаткан адам катары бир да ирет тууган, досторума сыйлык же башка маселеде жардам берген эмесмин. Бул менин инсандык көз карашыма туура келбейт. Ал эми бул берилген сыйлыктар боюнча атайын комиссия иш алпарат. Алардын ишине министр киришпейт. 23 жаштагы мугалимге мыктылыкты берерде эмгек стажы эсепке алынбай калган, бирок жободо конкреттүү жасаган иштери болсо да ыйгарууга мүмкүн деп жазылып калган. Ал эми ал мугалим "Жылдын мыкты мугалими-2019" наамын жеңип алган. Ушунун негизинде бул жаш мугалим сыйлыкка ээ болуп отурат. Мен 30-40 жыл иштеп, эч кандай сыйлык албай жүргөн мугалимдердин учурдагы абалын түшүнүп турам жана моралдык жактан туура эмес деп таап, алардан кечирим сурайм. Биз сыйлык берүү боюнча жобону өзгөртүшүбүз керек", — деди Исаков.

Министр аталган сыйлыктар мамлекеттик статуска ээ эместигин, жөн гана стимул берүүчү тармактык сыйлык болуп эсептелерин кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарындагы №50 Паиз Нышанов атындагы орто мектептин 23 жаштагы география мугалиминин "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисин алуусу коомчулукта катуу талкууга түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0