Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арстанбекова: эне болууга даярдык үч ай мурун башталышы керек

© SputnikБорборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архив
Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борборубуздагы жеке клиникалардын биринин дарыгери, акушер-гинеколог Аида Арстанбекова балалуу болууну туура пландоо керектигин айтты.
Арстанбекова: эне болууга даярдык үч ай мурун башталышы керек

Төрөттүн аралыгы эки жыл болгону жакшы. Бул аралыкта организм өз калыбына келип калат. Мындай пикирин Аида Арстанбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балалуу болоордун алдында ата да, эне да толук медициналык текшерүүдөн өтүшү шарт.

"Алгач баланы пландоого жакшы көңүл бурулушу керек. Үч ай мурун аял организмин даярдап, керектүү витаминдерди ичүүсү зарыл. Түйүлдүк түйүлгөндөн кийин 12 жуманын ичинде эне каттоого туруп, дарыгердин көзөмөлүнөн өтүшү керек. Бул учурда көп оорунун алдын алууга жакшы мүмкүнчүлүк бар. Өз учурунда көзөмөлдөнбөй калганда түйүлдүк өспөй, бойдон түшүп, эрте жана ар түрдүү оорулар менен төрөлүп калуу коркунучтары келип чыгат. Ал эми кош бойлуу кездеги токсикоз — табигый көрүнүш. Аны алдын алса болот. Баягы эле пландоо убагында организмди витаминге толтуруп, анан боюна бүтсө ал нерсе жеңил өтөт. Бирок талгак болуп жаткан учурда аны дарылоо же жеңилдетүү кыйын болуп калат", — деди Арстанбекова.

Адис болочоктогу энеге темир жана фолий кислотасы керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0