Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сырдыбаев: көкпарчылар үчүн көк бөрүнүн эрежеси менен ойноо кыйын

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный судья в федерации кок бору Марат Сырдыбаев
Главный судья в федерации кок бору Марат Сырдыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көк бөрү федерациясынын башкы калысы Марат Сырдыбаев көк бөрү менен көкпар окшош оюн болгону менен көптөгөн айырмачылыктары бар экенин айтты.
Сырдыбаев: көкпарчылар үчүн көк бөрүнүн эрежеси менен ойноо кыйын

Көк бөрүчүлөр үчүн көкпардын эрежеси менен ойноо кыйын жана тескерисинче, көкпар ойногон улакчылар көк бөрүнүн жоболоруна ылайык оюн көрсөтө алышпайт. Бул тууралуу Марат Сырдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз улакчылары деле мурун көк бөрүнү тай казаны жок ойноп келишкен. Бул оюндун кыргыздарга таандык эрежелери 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев менен Темир Дүйшекеев тарабынан иштелип чыгып, ошондон бери тай казан колдонулуп келет.

"Көк бөрү менен көкпар окшош. Мисалы, көк бөрүдө үч тайм болсо, көкпарда оюн эки бөлүктөн турат. Көк бөрүдө эң башкысы улакты тай казанга салуу болсо, көкпарда андай түшүнүк жок. Ошондой эле кыргыздар оюнда 30-35 килограммдык эчки менен ойносо, казактар 60 килограммдык муляжды колдонушат. Мындан сырткары, көкпардын оюнчулары олбурлуу, күчтүү, ал эми кыргыз улакчылары кичирээк, бирок чапчаң келишет. Мындан улам кыргыз көк бөрүчүлөрү көкпардын эрежеси менен оюнга түшкөндө муляжды көп эңе албай, талашканда алдырып жиберишсе, казак улакчылары көк бөрүнүн эрежесине ылайык ойногондо бат чарчап калышат", — деди Сырдыбаев.

Калыс дүйнөгө аталган улуттук оюндарды ат спортунун бир түрү катары жайылтуу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0