Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исаев: мугалимдердин айлыгынын көбөйгөнүнө биздин тиешебиз бар

© Sputnik / Эркин СадыковДепутат ЖК Канатбек Исаев
Депутат ЖК Канатбек Исаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" партиясынын лидери, депутат Канатбек Исаев мектепте "3" деген баага окуган окуучу келечекте мугалим болуп жаткандыгын айтты.
Исаев: мугалимдердин айлыгынын көбөйгөнүнө биздин тиешебиз бар

Мектепте начар окуган бала жок дегенде мугалим болоюн деген заманда жашап жатабыз. Ал кийин окуучуларга кандай билим берет? Андыктан мугалимдик кесиптин аброюн көтөрүшүбүз керек. Бул үчүн биринчи кезекте алардын алган маянасын жогорулатуу зарыл. Мындай пикирин Канатбек Исаев Sputnk Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин айлыгынын ушул жылдын 1-октябрынан тарта 30 пайызга көтөрүлүшүнө "Кыргызстан" партиясынын салымы чоң.

"Учурда мугалимдердин айлыгынын 30 пайызга жогорулашына биздин фракциянын салымы бар. Анткени төрт жыл бою өкмөт парламентке келген сайын бул көйгөйдү көтөрүп келдим, стенограмма турат. Муну мугалимдер өздөрү да жакшы билишет. Эл менен жолугушууларда мага ыраазычылыктарын айтып жүрүшөт. Президент алардын айлыгын 26 миңге чыгарууну убадалаган. Өкмөт муну аткарышы керек. Окутуучулар жок дегенде 25 миң сом айлык акы алып калганда гана бул кесиптин аброю көтөрүлөт", — деди Исаев.

Депутат өзүнүн апасы айылындагы орто мектепте мугалимдин жетишсиздигинен 70 жашка чыкканча физика сабагын окутуп келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0