Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Астанова: элдик медицина ооруну толук айыктыра албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековСемейный врач Элмира Астанова
Семейный врач Элмира Астанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөлүк дарыгер Элмира Астанова элдик медицина аркылуу ооруну толук айыктыруу мүмкүн эместигин айтты.
Астанова: элдик медицина ооруну толук айыктыра албайт

Элдик медицина ыкмалары менен илдетти убактылуу жеңилдетсе болот. Ал эми толук дарылануу үчүн врачтарга кайрылуу керек. Бул тууралуу Элмира Астанова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бактериялык жана инфекциялык оорулар дары-дармек менен гана айыгат.

"Коомчулук арасында элдик медицина менен дарылангандар көп эле кездешет. Бирок аны менен толук оорудан арылуу мүмкүн эмес. Мисалы, сасык тумоону алалы. Эгер ал жаңыдан гана башталып, дарттын биринчи белгилери байкалганда сууну көбүрөөк ичип, ысык сүт, бал менен дароо айыктырса болот. Ал эми илдет өтүшүп кеткенде элдик медицина аны жеңилдетиши гана мүмкүн, бирок толук дарылай албайт. Бул учурда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Анткени сасык тумоо инфекциялык илдет. Инфекциялык жана бактериялык ооруларды медициналык препараттар менен гана айыктыруу мүмкүн. Ошол себептен табып, өз алдынча дарылоолорго ишенип, парамедицинадан баш тартуу туура эмес", — деди Астанова.

Ошондой эле ал ооруну айыктыруудан анын алдын алуу жеңил болорун, ар бир адам туура тамактанууга жана сергек жашоого умтулушу керектигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0