Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис: кууруган майды алмаштырбай улам колдонуу рак оорусун чакырат

© Sputnik / Асель СыдыковаРукотдела программы образования Республиканского центра укрепления здоровья Сагынбек Уезбаев
Рукотдела программы образования Республиканского центра укрепления здоровья Сагынбек Уезбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун билим берүү программалары боюнча бөлүм башчысы Сагынбек Уезбаев кузүндө күчтүү азыктар менен тамактаныш керектигин айтты.
Адис: кууруган майды алмаштырбай улам колдонуу рак оорусун чакырат

Негизи ар түрдүү азык менен тамактанган адам организмге керектүү болгон витаминдерди толук ала алат. Ал эми ар кандай себептер менен тамак көп жей албаган адамдар таблетка түрүндөгү витаминдерди ичиши керек. Бул тууралуу Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам ар беш саатта ысык тамак ичип туруусу зарыл.

"Дегеле кайсы мезгил болбосун денени керектүү азыктар менен камсыздап туруу абзел. Белок, углевод, май жана витаминдерди кабыл алуу керек. Күз мезгилинде күчтүү тамак жеген туура. Диеталарды токтотуп турган оң. Себеби организм алсызданып, сууктап кетиши мүмкүн. Андан тышкары, эртең менен да сөзсүз жеңил азык менен тамактануу зарыл. Куурулган тамактан алыс болуп, бууга бышкан жана кайнатылган тамактарга басым жасаган жакшы. Азыр бышыкчылык убак, көбүрөөк жашылча-жемиш жеп, организмди кышкыга даярдаш керек", — деди Уезбаев.

Адис көчөдөгү тез даярдалуучу тамак-аштарда май көп экенин жана кууруган майды алмаштырбай кайра-кайра колдонгондуктан ал залалдуу шишикти пайда кылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0