16:04 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Билим берүү тармагындагы мыйзамсыз акча чогултууларга каршы уюмдун өкүлү жана мугалим Динара Аширова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Аширова: мектептерде ата-энелердин кабарысыз эле түзүлгөн фондулар бар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
6910

Билим берүү тармагындагы мыйзамсыз акча чогултууларга каршы уюмдун өкүлү жана мугалим Динара Аширова ата-энелердин кабарысыз эле түзүлгөн фондулар бар экенин айтты.

Иштейм деген аткаминерлер кабинетинде отурбай, элге аралашып маселени чечкенге аракет кылышы керек. Мындай пикирин Динара Аширова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мектептерде чоңдор келерде маселени жаап-жашырып, жасалма ийгиликтерди көрсөтүп, өнүгүп-өсүп жаткан болуп калышат.

"Негизи фонду ачып жатканда уставдар жазылып, Юстиция министрлигине берилет. Ал жерден тыкыр каралып чыгып, ишмердүүлүгүнө уруксат берилет. Мындан кийин гана эсеп ачылып иштей баштайт. Мен да ата-эне катары мындай фонду бар экенин жана түзүлүп жаткандыгын билген эмесмин. Акча чогултуу боюнча маселе көтөрүлгөндө ата-энелер жыйналып, аны жоюлсун деп талап кылышты. Эсеп түзүлүп жатканда эмнеге чогулуш жасалган эмес. Ата-энелерди акча берерде эле эстешет. Мисалы, менин балам аталган фондуга бир жылда 5000 сомдой төлөдү. Учурда бүтүрүүчү класста окуп жатат. Эми дагы экзаменден кийинки тамакка, мугалимдерге белек деп акча чогултуу башталды", — дейт Аширова.

Мугалим фондулар боюнча арыз түшсө Финансы полициясынын текшерүүгө укугу бар экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Күн-Тууда автобустун эшигине кыпчылып калган окуучу көз жумду
Белгилер:
акча, маселе, фонд

ЭҢ МААНИЛҮҮ