Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: 1000 сомго сатылбагандар, 100 грамм ичпегендер шайлоого келбей калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров
Бир Бол фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров депутаттар мыйзам чыгарып койсо эле баары өзгөрүп кетет деп ойлоп жаңылышат деген пикирин билдирди.
Жапаров: 1000 сомго сатылбагандар, 100 грамм ичпегендер шайлоого келбей калды

Эл тажаганынан шайлоого катышпай жатат. 100 грамм ичпегендер, 1000 сомго добушун сатпагандар шайлоого келбей калды. Ал эми калгандары кандай болбосун, биздин айылдык "кочкор" болсун деген түшүнүк менен шайлап жатышат. Мындай пикирин Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде сүйлөп жатып айтты.

Анын пикиринде, мыйзам кабыл алууга мораторий киргизүү зарыл.

"Улуу Британияда жылына 3-5 мыйзам кабыл алынса опурталдуу көрүнүш катары баалашат экен. Ал эми биз бир отурумда 200гө чукул мыйзамды өткөрүп жиберүүдөбүз. Эл ушундай көрүнүштөн тажады. Андыктан жаштар, интеллигенттер, 100 грамм ичпегендер жана добушун 1000 сомго сатпагандар шайлоого келбей коюуда. Ал эми келгендеринин көпчүлүгү «эмнеси болсо да биздин айылдык шайлансын» деген түшүнүк менен добуш берип жатышат. Андыктан мыйзам кабыл алууга мораторий киргизүү мыйзамын кабыл алышыбыз керек", — деди эл өкүлү.

Депутат шайлоочулардын 50 пайызы келбей койгон учурда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу керектигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0