Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Муканбетов: атайын тизмеге киргизилген бейтаптар Соцфонддон акча ала алат

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления по внешним связям Соцфонда КР Женишбек Мукамбетов
Начальник Управления по внешним связям Соцфонда КР Женишбек Мукамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Муканбетов оор дартка кабылгандарга жардам берүү максатында жаңы мыйзам сунушталып жатканын айтты.
Муканбетов: атайын тизмеге киргизилген бейтаптар Соцфонддон акча ала алат

Эми онкологиялык же башка оор илдетке чалдыккандар Социалдык фонддон пенсиясынын топтомо бөлүгүнө чогултуп жаткан каражатын кайра ала алышат. Бул тууралуу Жеңишбек Муканбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кооптуу оорулардын тизмесин Саламаттык сактоо министрлиги түзөт.

"Эгер Кыргызстандын жараны кандайдыр бир кооптуу ооруга чалдыгып, операция же олуттуу дарылануу талап кылынса топтомо фондундагы буга чейинки чогулган акчасын ала алат. Ал эми кандай илдет менен жабыркаган учурда бул категорияга кирерин Саламаттык сактоо министрлиги аныктайт. Ооруп калган адамдардын жаш курагы чектелбейт, башкача айтканда, Социалдык фонддун бул кызматынан бир эле пенсия курагындагылар пайдаланбайт. Азырынча жобого мындай өзгөртүү кире элек, болгону мыйзам долбоору жазылып сунушталды, учурда макулдашуулар жүрүп жатат", — деди Муканбетов.

Ал топтомо фондунда 50 миң сомдон көбүрөк каражаты бар пенсия курагындагы карыялар ошол акчасын алгачкы төлөмгө жумшап, ипотекага үй алуу мүмкүнчүлүгү да каралып жаткандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0