Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетова: мыйзам иштемейинче мектептердеги акча чогултуу токтобойт

© Sputnik / Табылды КадырбековПредставитель общественного фонда Замира Мамбетова
Представитель общественного фонда Замира Мамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептердеги акча чогултууга каршы турган коомдук фонддун өкүлү Замира Мамбетова орто окуу жайларында акча чогултуу чыныгы коррупция экенин айтты.
Мамбетова: мыйзам иштемейинче мектептердеги акча чогултуу токтобойт

Эгерде мыйзам иштебесе, өкмөттүн чыгарган буйругунун кимге кереги бар? Мындай пикирин Замира Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бийлик бутактарындагы адамдар маселе көтөрүлгөндө гана мыйзам иштеп чыга калып, ал тынчыганда аягына жеткирбей таштап салышат.

"Билим берүү тармагында коррупция күч. Бул маселе боюнча тиешелүү тармактарга арыз менен кайрылабыз. Алар биз берген кагаздарды макулатурага өткөрүп жиберип жатышат. Аргасыздан ата-энелер нааразычылык акцияларына чыгышты. Мектептердеги класстык фондго жана башкаларга мажбурлоо менен акча чогултулбашы керек. Баш мыйзамдын 45-беренесинде бекер билим берилиши көрсөтүлгөн. Эгер мектепке чын дилимден өз ыктыярым менен жардам берем деген колунда бар ата-энелер болсо, аны эч ким кой дебейт", — деди Мамбетова.

Ал ошондой эле мектептерде күндөлүк жана атайын предметтерге арналган дептерлерди сатып алууга акча чогултууну жоюш керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0