Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Уролог эркектин бел кубатын калыбына келтирүүчү үч ыкманы атады

© Sputnik / Табылды КадырбековКандидат медицинских наук, доцента кафедры урологии КРСУ Чыныбек Алимов
Кандидат медицинских наук, доцента кафедры урологии КРСУ Чыныбек Алимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинин урология кафедрасынын доценти, медицина илимдеринин кандидаты Чыныбек Алимов медицинадагы "импотенция" термини учурда "эректилдик дисфункция" деген сөзгө алмаштырылганын айтты.
Уролог эркектин бел кубатын калыбына келтирүүчү үч ыкманы атады

Бүгүнкү күндө ар бир экинчи эркек киши эректилдик дисфункция илдетине чалдыгат. Бирок андан коркуп, радикалдуу кадамдарга баруунун кажети жок. Ооруну дарыласа болот. Бул тууралуу Чыныбек Алимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эректилдик дисфункция (импотенция) органикалык жана неврогендик деп эки түргө бөлүнөт жана беш даражадан турат.

"Буга чейин импотенцияга чалдыккан эркектер илдети тууралуу ачык айтуудан тартынып, дарыгерге кайрылышчу эмес. Кулакка жагымсыз угулган бул оорунун айынан көбү дарыланбай, оорусун өтүштүрүп жиберип, депрессияга кабылып калышчу. Муну алдын алуу багытында дарыгерлердин дүйнөлүк коомчулугу "импотенция" терминин "эректилдик дисфункция" сөзүнө алмаштырууну туура көргөн. Анткени психологдордун изилдөөсүнө ылайык, эркектердин басымдуу бөлүгү импотенция сөзүн айтуудан коркушат экен. Негизи эректилдик дисфункцияны дарыласа болот. Ал медикаментоздук, психикалык жана хирургиялык жол менен айыгат. Биринчи учурда атайын препараттарды колдонуу менен жыныстык мүчөнү калыбына келтирет. Психикалык жол менен дарылоодо адамды түйшөлткөн маселелердин баарын чечип, сүйлөшүү жолу менен жыныстык алсыздык жоюлат. Ал эми хирургиялык ыкма эркектердин жыныстык мүчөсү сырткы таасирлерден улам жабыркаганда колдонулат. Андай учурда жөнөкөй операциядан тарта протезге алмаштырууга чейин чара көрүлөт", — деди уролог.

Ошондой эле ал жыныстык оорулардан алыс болуу үчүн ар бир эркек өзүнө өзү кам көрүп, эң башкысы, гигиенаны сакташы керектигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0