Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рымбек: калпакты колдо ийленген кийизден гана тигем

© Sputnik / Асель СыдыковаКалпак боюнча республикалык сынактын жеңүүчүсү, сүрөтчү-дизайнер Күлнар Рымбек
Калпак боюнча республикалык сынактын жеңүүчүсү, сүрөтчү-дизайнер Күлнар Рымбек  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калпак боюнча республикалык сынактын жеңүүчүсү, сүрөтчү-дизайнер Күлнар Рымбек калпакты колдо ийленген кийиз менен гана жасарын айтты.
Рымбек: калпакты колдо ийленген кийизден гана тигем

Сынактан жеңип алган каражатка калпактын үлгүсүн өзгөртпөй заманбап, өзгөчө баш кийим жасайын деген ойлор бар. Бул тууралуу Кулнар Рымбек Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, Күлнар Рымбек "Кийиз дүйнө" коомдук фондусу менен Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух ордо" маданий борбору биргеликте өткөргөн калпак боюнча республикалык сынакта төрт талаа калпагын жасап, баш байгени жеңип алган.

Анын айтымында, конкурс уз, чеберлер үчүн тажрыйба алмашканга жакшы аянтча болуп берди.

"Негизи мурда калпак жасачу эмесмин. Бирөөлөргө эрегишип, калпакты андай эмес, минтип жасайт деп бул иш менен алектенип баштагам. Үч жылдан бери калпак жасайм. Кийизди колго ийлейм. Конкурска апапакай төрт талаа баш кийимди алып келдим. Эч кандай оймо-чиймеси жок. Калпактын ичине атайын мата тигилген. Аны чечип жууп, кайра тигип койсо болот. Атам ушинтип тиктирип алып кийчү. Ал киши калпакты урматтап, деги эле башынан түшүрчү эмес. Эми жаңы идеяларды ишке ашырганга убакыт келди. Жеңип алган каражатты ошол жакка жумшайм. Мен тиккен баш кийимдер жука, жеңил болот. Мисалы, Сауд Аравияга барган кыргыздар бул калпак ысыктан жакшы коргойт деп алып кетишет", — деди дизайнер.

Ал машинада жасалган кийизге караганда колго уютулган кийиз бышык болорун кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0