04:08 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895

Атакулов: мамлекеттик ооруканаларды менчиктештирүүгө мүмкүн эмес

Радио
Кыскача шилтеме алуу
60 0 0

Саламаттык сактоо министрлигинин Каржы саясаты башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Атакулов Мамлекеттик үч медициналык борборду өзүн-өзү каржылоого өткөрүү пландалып жатканын айтты.

Атакулов: мамлекеттик ооруканаларды менчиктештирүүгө мүмкүн эмес

Коомчулукта мамлекеттик ооруканаларда акы алына баштаса жеке менчикке өтүп кетет деген кооптонуулар болуп жатат. Эч качан андай болбойт, мыйзам ага жол бербейт. Бул тууралуу Мирлан Атакулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик медициналык мекемелерде акы төлөнө баштаса материалдык-техникалык база жакшырып, аны менен бирге тейлөө сапаты жогорулай баштайт.

"Бүгүнкү күндө Улуттук госпиталдын офтальмология бөлүмүн, Органдарды трансплантациялоо жана жүрөк хирургиясы илим изилдөө институтун, ошондой эле Улуттук хирургиялык борборун өзүн-өзү каржылоого өткөрүү боюнча демилге көтөрүлүдө. Ага ылайык, атайын долбоор да иштелип чыкты. Анын башкы максаты аталган мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртып, аны менен бирге тейлөө сапатын жогорулатуу болуп саналат. Анткени мамлекеттик ооруканалар начар шарттан улам жеке клиникаларга атаандаш боло албай жатат. Эгер акылуу кылсак, жагдай өзгөрөт. Бирок коомчулук арасында бул демилге мамлекеттик мекемелерди менчиктештирүү аракеттеринин бири деген ойлор айтылууда. Чынында андай эмес. Ага мыйзам жол бербейт. Мамлекеттик ооруканалар укуктук жактан толугу менен корголгон жана аларды жеке менчикке өткөрүү мүмкүн эмес", — деди Атакулов.

Ошондой эле ал эгер мамлекеттик медициналык борборлорду өзүн-өзү каржылоого өткөрүү долбоору ийгиликтүү ишке ашса, келечекте өлкөдөгү бардык ооруканаларды акы төлөнүүчү системага өткөрүүгө болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Бир нече оорукананын дарыгерлеринин айлыгы жаңы ыкма менен эсептелет
Белгилер:
долбоорлор, менчиктештирүү, мекеме, медицина

ЭҢ МААНИЛҮҮ