Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Үсөнакун уулу: Ипотекалык компания аркылуу 4000ден ашуун бүлө үй алды

© Sputnik / Эмиль СадыровПресс-конференция "Актуальные проблемы ипотечной жилищной программы"
Пресс-конференция Актуальные проблемы ипотечной жилищной программы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу төрт жылда канча сомго ипотекалык насыя берилгендигин айтты.
Үсөнакун уулу: Ипотекалык компания аркылуу 4000ден ашуун бүлө үй алды

"Арзан турак жай — 2015-2020" программасынын алкагында ушул күнгө чейин 5 миллиард 100 миллион сомго ипотекалык насыя берилди. Бул тууралуу Нуржигит Үсөнакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган компания аркылуу 4300дөн ашуун үй бүлө там-таштуу болгон.

"Мамлекеттик кызматкерлерди арзан турак жай менен камсыздоо максатында беш жылдык программа түзүлгөн. 2015-жылдан ушул күнгө чейин 5 миллиард 100 миллион сомго кредит берилди. Буга чейин курулуш компаниялары аркылуу же кардарлар өзү тандап үй алып келсе, эми Мамлекеттик ипотекалык компания өзү курган тамдар Бишкек жана Нарында берилип баштады", — деди Үсөнакун уулу.

Ал мамлекеттик мекемелерде иштебегендер үчүн да турак жайды насыяга берүү аракеттери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0