Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Апсеметов: Бишкекте дагы алты жол өтмөгү курулат

© Sputnik / Эркин СадыковБишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдар Апсеметов
Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдар Апсеметов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдар Апсеметов борборубузда жол өтмөктөрүн курууга тендер жарыяланганын айтты.
Апсеметов: Бишкекте дагы алты жол өтмөгү курулат

Өтмөктөр белгилүү бир аймактагы жол тыгын маселесин чечүүгө жардам берет. Бишкек боюнча бул маселени чечүү үчүн эстакадалык жолдорду куруу зарыл. Бул тууралуу Айдар Апсеметов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өтмөктөрдү курууга каражат республикалык же шаардык бюджеттен алынат.

"Бишкек шаарын чыгыштан батышты көздөй темир жол бөлүп турат. Борборубузда учурда жалпысынан 10 өтмөк бар. Бирок булар жетишпегендиктен, шаардын түндүк-түштүк аймагынын жол байланышы абдан татаал болуп турат. Тыгын да көбөйүп кетти. Бул маселени чечүү максатында Бишкек мэриясы алты жерге - Сүйүнбаев, Айтматов, Логвиненко, Панфилов, Үмөталиев жана Исанов көчөлөрүнө жол өтмөктөрүн куруу боюнча ишти колго алды. Учурда Айтматов жана Сүйүнбаев көчөлөрүнө курулчу долбоор иштелип бүтүп, ага тендер жарыялаганбыз. Эмдиги жылы ишти баштоо пландары бар", — деди Апсеметов.

Ал тендерге жергиликтүү компаниялар катышарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0