Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Куланбаев: куурчак театрынын 80 жылдыгы каражат жок белгиленбей калды

© Sputnik / Табылды КадырбековМуса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директору Болотбек Куланбаев
Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директору Болотбек Куланбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муса Жангазиев атындагы мамлекеттик куурчак театрынын директору Болотбек Куланбаев аталган театрдын имараты оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин айтты.
Куланбаев: куурчак театрынын 80 жылдыгы каражат жок белгиленбей калды

Быйыл куурчак театрына 80 жыл толду. Маараке каражаттын тартыштыгынан белгиленбей калды. Бул тууралуу Болотбек Куланбаев Sputnik Кыргызстан радиосунунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, театр жамааты юбилейди "Так теке" эл аралык фестивалы менен чогуу өткөрүүнү пландаштырган.

"Куурчак театры Советтер Союзу учурунда гүлдөп турган. Ал өз көрүүчүлөрүнө алгачкы жолу эшигин 1939-жылы сентябрь айында ачкан. Быйыл 80 жыл толуп отурат. Бул мааракени Кыргызстан авторлук кылган эл аралык "Так теке" куурчак театрлар фестивалы менен чогуу өткөрүүнү пландаштырдык эле. Тилекке каршы, акчанын жоктугунан белгилей албай калдык. Маданият министри эмдиги жылы театрдын имаратын оңдоп-түзөп алып, андан соң юбилейди белгилөөгө убада берди. Министрлик түшүнүп турганы менен каражат кендирди кессе, эч бир максат ишке ашпайт экен. Чынында куурчак театрынын азыркы абалы оор", — деди Кулунбаев.

Ал куурчак театры 81-театралдык сезонун ачып, учурда кичинекей көрүүчүлөр үчүн кыргыз жана орус тилдеринде спектаклдер коюлуп жаткандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0