Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Экономист: Кыргызстандын тейлөө тармагы экспортко чыга албай жатат

© Sputnik / Эркин СадыковЭксперт по экономическим вопросам Нургуль Акимова
Эксперт по экономическим вопросам Нургуль Акимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова Кыргызстандагы кызмат көрсөтүү жаатындагы ишкерликтин потенциалы абдан чоң экенин айтты.
Экономист: Кыргызстандын тейлөө тармагы экспортко чыга албай жатат

Бүгүнкү күндө тейлөө тармагын экспортко чыгарып, кеңири өнүктүрүү талабы турат. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда аудит, адвокатура, котормочулук жана IT тармагындагы профессионалдык кызматтар гана экспортко чыгып жатат.

"Экспортко чыгуу үчүн кызмат көрсөткөн ишкерлер өндүрүүчүлөр менен чогуу-чаран иш алып баруусу керек. Мисалы, кол өнөрчү өз продукциясын эл аралык рынокко чыгарам десе, ага сөзсүз логистикалык көмөк, укуктук жактан юристтин кызматы, жарнамалоо үчүн IT-адистин жардамы зарыл. Ушул сыяктуу дагы көптөгөн кызматтар бар. Алардын баары бирге иш алып барганда гана өнүгүү болот. Азырынча тейлөө тармагы өлкө аймагынан чыга албай жатат. Ошол себептен буга мамлекет тарабынан да көңүл бурулуп, маселени жөнгө сала турган программалар кабыл алынса алгылыктуу жылыштар болот", — деди экономист.

Ошондой эле ал өлкө экономикасы акыркы 15 жылда кескин өзгөрүп, кыргызстандыктар товар жүгүртүүдөн тейлөө тармагына өтүп кеткендигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0