Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кенченбаев: чоң атам чапкан комуздарды көрүп чертким келчү

Жазылуу
Комузчу Назбек Кенченбаев чоң атасына комуз чаптырганы келген өнөр ээлерин көрүп бул кесипке кызыгуусу пайда болгонун айтты.
Кенченбаев: чоң атам чапкан комуздарды көрүп чертким келчү

«Аккан арыктан суу агат» дегендей, чоң атам комуз чапкан уста, кол ойноткон комузчу болчу. Анын таланты мага мураска калган экен, күүгө шыктуу болуп чоңойдум. Бул тууралуу Назбек Кенченбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алгачкы устаты Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер, айтылуу комузчу, педагог Калыбек Жекшенов болгон.

"Чоң атам комуз чапчу. Андан аспап алууга көптөгөн залкарлар үйгө келчү. Алардын шайдоот жүрүш-турушун, шартылдата черткен комузун көрүп, мен да бул өнөрдүн ээси болууну самачумун. Чоң атамдын таланты кыялданбасам да мага өткөнүн анда билбейт элем да. Бирок кыраакы комузчу Калыбек Жекшенов ошол чыт курсак бала кезимде эле менден комузчу чыгарын байкаган экен. Ал мени ого бетер шыктандырып, чоңойсом музыкалык мектептен билим алып комузчу болушум керектигин келген сайын айтып турчу. Ошентип максатыма жетип, агайдын өзүнө шакирт болуп барган күнүм бүгүнкүдөй эсимде", — деди Кенченбаев.

Комузчу устаттарынын баарына алардын өз карьерасын эмес, салттуу музыканын тагдырын ойлоп жасап жаткан иштерине ыраазычылык билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0