Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: аткаминерлердин туугандары да декларация тапшыргыдай болот

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архив
Бир Бол фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров бийлик өкүлдөрүнүн жакындарын да декларация тапшырууга милдеттендириш керектигин айтты.
Жапаров: аткаминерлердин туугандары да декларация тапшыргыдай болот

Парламент аркылуу, бийлик аркылуу байыганды токтотушубуз керек. Ушул багытта мыйзам долбоорун даярдап жатам. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам боюнча президенттин, депутаттардын, соттордун жана бардык мамлекеттик башкаруу кызматында иштегендердин туугандары декларация тапшырууга милдеттендирилет.

"Мурунку парламенттин жетекчилери академик да болгон. Эл өкүлдөрүн академик Алтай Бөрүбаев жетектеген, мыйзам чыгаруу палатасын академик Абдыганы Эркебаев жетектеген. Президентибиз академик Аскар Акаев болгон. Мындан улам базаркому келеби же академигиби, андан парламенттин табияты өзгөрүп кетпесин эл түшүндү. Биз парламент, бийлик аркылуу байыганды токтотушубуз керек. Ошондо гана өлкөдө экономикалык өсүш болот. Мен бул багытта мыйзам долбоорун даярдап жатам. Эми 2020-жылдан тарта президент баш болуп бардык аткаминерлердин, соттордун, депутаттардын кайненесине чейин жалпы туугандары киреше эле эмес, чыгашасы боюнча да декларация тапшырууга милдеттендирилет. Муну менен биз ал адам кызматка келгенден бери байлыгы канчалык көбөйдү, көбөйгөн болсо ошого жараша салык төлөп жатабы-жокпу, билип турабыз", — деди Жапаров.

Депутат мыйзам долбоору алгач аткаминерлерди, андан соң алардын жакындарын, үчүнчү этапта жалпы кыргыз элин киреше-чыгашасы боюнча декларация тапшырууга милдеттендирерин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0