Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мелисбекова: шыпыргыны гитара кылып жүрүп комузчу болдум

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданияттын мыкты кызматкери, комузчу Чолпон Мелисбекова
Маданияттын мыкты кызматкери, комузчу Чолпон Мелисбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданияттын мыкты кызматкери, комузчу Чолпон Мелисбекова бул өнөргө устатынын тандоосу менен келгендигин айтты.
Мелисбекова: шыпыргыны гитара кылып жүрүп комузчу болдум

1-классымдан баштап Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен билим алдым. Ата-энем менден музыкант чыгарын байкап, аталган окуу жайга алып келген экен. Бул тууралуу Чолпон Мелисбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жеке репертуарында жаштарды комузга кызыктыруу максатында жазылган жаңы күүлөр басымдуулук кылат.

"Кичине кезимде комузчу болом деп деле кыялданган эмесмин. Бирок ыр-күүгө шыктуу болуп, үйдөгү шыпыргыны гитара кылып чертип, жакындарымдын жарпын жазчу экенмин. Менин музыкага болгон мындай кызыгуумду байкаган ата-энем Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайга алып келишкен. Ошол күндөн ушул убакка чейин менин устатым болуп келе жаткан педагог Ирина Суеркулова колдорумду карап туруп, комуз классына берүүнү сунуштаган. Ошентип комузчу болуп калдым. Бул өнөрдү кесип кылып аркалап, кыргыздын залкар комузчуларынын күүлөрүн аткарып, аны менен бирге жаштарга ылайыкташкан күүлөрдү чертип жүргөнүмө сыймыктанам. Менин бул кесипте өз ордумду таап кетишиме устатымдын эмгеги чоң", — деди Мелисбекова.

Ал республикада атайын бир күндү күү күнү кылып белгилөө комузчуларга чоң шык берип, аталган өнөрдүн өркүндөшүнө салым кошорун белгилеп өттү.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0