Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бузурманов: кант диабети менен ооругандар имплант койдурбаганы оң

© Sputnik / Табылды КадырбековСтоматолог Бактыяр Бузурманов
Стоматолог Бактыяр Бузурманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов имплант койдуруудагы талаптар тууралуу айтып, андай тиштерге аяр мамиле жасоо керектигин белгиледи.
Бузурманов: кант диабети менен ооругандар имплант койдурбаганы оң

Имплант койдуруу сапатына, дарыгердин деңгээлине жараша 300 доллардан баштап, андан жогору бааланат. Бул тууралуу Бактыяр Бузурманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, имплант протез жана каптама тиштерге караганда узак убакыт сакталат.

"Негизи имплант койдуруу жаш тандабайт. Бирок анын башка талаптары бар. Алсак, адам кант диабети менен оорубашы керек. Себеби бул дарт менен жабыркаган адамдын денесиндеги жөнөкөй эле жаракат көп убакытта калыбына келет. Ошондуктан ага коюлган имплантты организм кабыл албай, өзүнөн-өзү түшүп калышы мүмкүн. Жеке мен мындайда койдурбай койгон эле туура деп эсептейм. Ал эми ден соолугу мүмкүнчүлүк берип, имплант койдургандар гигиенаны туура сактоого дыкат көңүл буруусу керек", — деди Бузурманов.

Адис имплант тиштерге аяр мамиле жасап, кам көрүү зарылдыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0