12:40 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863

Кубатова: калктын аялуу катмарына турак үй берчү фонд түзүлөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
327 0 0

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Кульира Кубатова калктын аялуу катмарын турак жай менен камсыздоочу фонд түзүлөрүн айтты.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында балдар үйүнөн чыккандарга, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана майыптарга турак жай бере турган фонд ачылат. Анын жобосу иштелип чыгып, өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Кульира Кубатова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, муктаждарга үйлөр убактылуу колдонууга берилет.

"Биздин министрликтин алдында калктын аялуу катмарын үй менен камсыздоочу фонд түзүлөт. Анын карамагына сот аркылуу мамлекеттин эсебине өткөн имараттар алынат жана бул турак жайлар муктаждарга таратылат. Өкмөт берген мындай бекер үйдү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү жана көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр ала алат. Алар берилген мүлктү менчигине өткөрүп, сатып же ижарага бере албайт. Убактылуу жашап турууга гана мүмкүнчүлүк берилет. Эгер ал адам үй сатып алса, берилген турак жай кайрадан мамлекетке кайтарылат. Мындай үйгө муктаж болгондор фонд ишке киргенден кийин биздин министрликтин жергиликтүү бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылуусу керек", — деди Кубатова.

Ал фондду түзүү боюнча иштелип чыккан жобону талкуулоого коомчулукту жигердүү катышууга чакырды.

Тема боюнча

Малдыбаев: Биринчи Май районунда шаардыктар арасында сынак жарыяланды
Белгилер:
жобо, өкмөт, үй, фонд

ЭҢ МААНИЛҮҮ