Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишекеев: мамлекеттик тилде сабаттуу сүйлөп, катасыз жазгандар аз

© Sputnik / Дильноза АлымоваМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев учурда өлкөнүн беш облусунда кагаз иштери толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатканын айтты.
Ишекеев: мамлекеттик тилде сабаттуу сүйлөп, катасыз жазгандар аз

Мамлекеттик тилди жайылтуу аракеттери жигердүү аткарылып жатат. Бирок кыргыз тилинде сабаттуу сүйлөп, катасыз жазгандар аз. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Чүй менен Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жана Бишкек шаарында мамлекеттик тилге жакшы көңүл бурулбай жатат.

"Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге болгон мамиле абдан жакшы. Мисалы, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында бардык иш кагаздары мамлекеттик тилге өттү. Бул жакшы көрүнүш. Бирок эне тилибиз кеңири жайылганы менен анда туура сүйлөп, катасыз жазгандар аз. Азыркы учурда сабаттуулук маселеси абдан курч турат. Муну тезинен колго алып, көйгөйдү жоюшубуз керек. Үстүбүздөгү жылдан тарта бул багытта бир катар иштер аткарылып, коомчулуктун мамлекеттик тилди билүү деңгээлин көтөрүүнүн камын көрүп жатабыз. Алдыда дагы бир топ иш-чараларыбыз бар", — деди Ишекеев.

Ошондой эле ал мамлекеттик ведомостволордо иш кагаздардын 50 пайызы кыргыз тилинде жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0