Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кусеинова: 8 жаштан өткөн балдарды мектепке комиссия кабыл алат

© Sputnik / Табылды КадырбековВедущий специалист Управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Министерства образования и науки КР Айнура Кусеинова
Ведущий специалист Управления дошкольного, школьного и внешкольного образования Министерства образования и науки КР Айнура Кусеинова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова балдарды 1-класска кабыл алууда колдонулган "Электрондук каттоо" системасына кирбей калган жеткинчектер мектепке атайын комиссиянын чечими менен кабыл алынарын айтты.
Кусеинова: 8 жаштан өткөн балдарды мектепке комиссия кабыл алат

Эгер 1-класска бара турчу баланын курагы сегиз жаштан жогору болсо, ал "Электрондук каттоо" системасына кирбей калат. Бул тууралуу Айнура Кусеинова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Мектепке электрондук катталуу" долбоорунун алкагындагы системага 6-7 жаштагы гана балдар кирет. Ал эми бул курактан өтүп кеткен же ага жете элек жеткинчектер каттоого алынбайт.

"Мектепке электрондук катталуу" долбоору быйылкы жылы сынамык болгонуна байланыштуу айрым ата-энелер толук маалыматка ээ болбой, чүрпөлөрүн системага киргизбей калышкан. Ал эми электрондук каттоодон өтпөгөн бала мектепке кире албайт. Мындан улам билим берүү борборунун адиси, жергиликтүү бийликтин жана социалдык кызматтын өкүлдөрүнөн атайын комиссия түзүлгөн. Алар балдардын эмне себептен каттоого турбай калганын аныктап, ошого жараша бүтүм чыгарышат. Ал чечим менен кошумча квота берилип, балдар системага кирет. Бул балдарды мектепке берүү үчүн аталган комиссияга кайрылуу керек. Комиссия макулдук берсе, окуучулар толбой калган мектептерге жиберилет. Учурда мындай ыкма менен эки миңден ашуун бала 1-класска кабыл алынды", — деди Кусеинова.

Ошондой эле ал "Электрондук каттоо" системасы эмдиги жылы Ош, Жалал-Абад жана Токмок шаарларындагы мектептерде иштеп баштарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0