03:23 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8079
  • EUR77.0016
  • RUB1.0846
Журналист, иликтөөчү Жоомарт Бейшеналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бейшеналиев: музей ачууга немистерден сатып алган үйүмдү бердим

Радио
Кыскача шилтеме алуу
42 0 0

Журналист, иликтөөчү Жоомарт Бейшеналиев Кыргызстанга немис улутунун көчүп келип, отурукташып калганына 140 жыл толгондугун айтты.

Талас облусунун Бакай-Ата районуна ушул жерде жашап кеткен немистердин жашоо-турмушун чагылдырган музей ачылат. Бул тууралуу Жоомарт Бейшеналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, музейге ал өз үйүн бергени жатат.

"Советтер Союзунда азыркы Бакай-Ата, мурдагы Ленинполь айылынын калкынын 44 пайызын немистер түзчү. Кыргызстан эгемендүүлүк алганга чейин, тагырагы 110 жыл бою алар Таластын Бакай-Ата районунун айылдарында, эң көбү Ленинполдо жашап турушту. 1990-жылдардан тарта өздөрүнүн түпкү мекенине көчүп кетишти. Учурда облуста болгону 200гө жетпеген немис калыптыр. Ошентсе да район эли алар салып кеткен үйлөрдү али күнгө чейин пайдаланып, жашап келишет. Чарбачылыкта да немистерден көп жакшы нерселерди үйрөндүк. Мен өзүм 1993-жылы көчүп кетип жаткан немистин үйүн сатып алган элем. Ал там менен кошо көптөгөн сүрөттөр, документтер калган. Мына ошолорду колдонуп, аталган улуттун тарыхын чагылдырган музей ачсам деп турам. Музей райондун борборунда жайгашып, коюлуучу экспонаттар бүтүндөй район элинен чогултулат. Ошондой эле көчүп кеткен немистер учурда Таласка келип турушат. Алар да бул идеяны кубануу менен колдоп, керектүү материалдарды алып келип берүүгө сөз беришти", — деди Бейшеналиев.

Ал 1973-жылы жүргүзүлгөн эл каттоо боюнча СССРдин аймагында 1,5 миллион немис улутунун өкүлдөрү катталса, анын 900 миңи азыркы Кыргызстанда жашагандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Бейшеналиев: Фрунзеден Москвага чейин лыжа менен барышкан
Белгилер:
музей, тарых, Талас, Жоомарт Бейшеналиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ