Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Малдыбаев: Бишкекке түшкөн акчанын 15%дан ашууну гана өзүнө жумшалат

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи Май районунун акиминин орун басары Адилет Малдыбаев
Биринчи Май районунун акиминин орун басары Адилет Малдыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май районунун акиминин орун басары Адилет Малдыбаев Бишкекте каражаттын аздыгынан бир топ маселе чечилбей жатканын айтты.
Малдыбаев: Бишкекке түшкөн акчанын 15%дан ашууну гана өзүнө жумшалат

Шаар боюнча 54 миллиард сомдон ашык акча чогултулат, анын 8,5 миллиарды өзүндө калып, калганы республикалык бюджетке которулат. Бул тууралуу Адилет Малдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын ичинен эң көп каражат чогулткан Биринчи Май району.

"Финансылык жактан көбүрөөк маалыматым болгондуктан борбор калаанын бул көйгөйүн жакшы билем. Биринчи Май районуна гана эмес, жалпы шаарга каражат жетпейт. Шаардык бюджетке жылына 54 миллиарддан ашык акча чогултулат, анын ичинен 8,5 миллиард каражат шаарга калат, калганы өкмөткө которулат. Бул жалпы каражаттын 15 пайыздан ашыгыраагын түзөт. Албетте, Бишкектин жашоочулары талап кылган маселелерди чечүүгө бул акча жетишсиз. Ошондуктан өкмөт шаарга бөлүнчү каражатты көбөйтүп берсе, эл айтып кайрылган көйгөйлүү маселелер батыраак чечилмек", — деди Малдыбаев.

Ал борбор калаанын жашоочуларын шаарга аяр мамиле кылууга чакырды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0