Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишекеев: латын алфавитине өтүүгө даяр эмеспиз

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев латын арибине өтүү үчүн алгач анын жол-жоболорун филологиялык жана лингвистикалык терең талдоодон өткөрүү керектигин айтты.
Ишекеев: латын алфавитине өтүүгө даяр эмеспиз

Латын алфавитине өтүүнүн зарылдыгын көргөн жокмун. Ал арибди колдонуу менен эле өлкө өнүгүп кетпейт. Мындай пикирин Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыздар 1928-1940-жылдары латын алфавитин колдонушкан.

"Азыркы учурда латын тамгаларына өтүүнүн кажети жок. Аталган арибди колдонуп баштасак эле өлкөбүз гүлдөп, өнүгүп кетет дегенден алысмын. Латын алфавитине өтүү оңой иш эмес. Аны алгач филологиялык жана лингвистикалык терең талдоодон өткөрүп, күңгөй-тескейин анализдеп чыгышыбыз керек. Кыргыздар латын арибин 1928-1940-жылдары колдонгон. Ал жылдары Ишеналы Арабаев менен Кусеин Карасаевдин "Жаңылык" аттуу окуу куралы латын тамгалары менен басылып чыккан. Кийин дагы бир нече китептер жарык көрдү. Аздыр-көптүр 10 жылдан ашуун убакыт латын алфавитин колдонгон тарыхыбыз бар. Алгач ошол мезгилди иликтеп чыгып, анан маселени козгосок болот. Азырынча андай олуттуу өзгөрүүлөргө даяр эмеспиз", — деди Ишекеев.

Ал ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү бала бакча, мектептердеги билим берүү методикасын өзгөртүүдөн баштоо зарылдыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0