Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: профсоюздар ачык иштесин деп мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштадык

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров КРдин профессионалдык союздар жөнүндө мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр ачыктыкты камсыз кыларын айтты.
Бакиров: профсоюздар ачык иштесин деп мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштадык

Кесиптик бирликтер жөнүндө буга чейин иштеп келген мыйзам моралдык жактан эскирди. Андыктан жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Мындай пикирин Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери профессионалдык союздар тармагында бир да жолу реформа болгон эмес.

"Советтер Союзунан калган мүлккө ээлик кылган профсоюздар тармагы өз ичинде ирип-чирип, сазга батты. Аны ошол уюмдун айрым өкүлдөрү өздөрү да мойнуна алышууда. Ошондуктан анын ишмердүүлүгү тууралуу жаңы мыйзам долбоору сунушталып жатат. Ал эмне берет? Биринчи кезекте мүлктү башкарууну, берилип жаткан жолдомолордун, түшүп жаткан каражаттын айлануусунун ачыктыгын камсыздайт. Бир ууч адам чогулуп, кеңеш деп аталып ошолор эле баарын чечпестен, мамлекет көзөмөл жүргүзөт. Депутаттар уюмга тиешелүү мүлктү менчиктештирип ала албайт. Биз болгону профсоюздар ачык иштешин шарттаган мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз", — деди Бакиров.

Биринчи Май районуна караштуу 12-муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Сагынбек уулу  - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сагынбек уулу: кыргыз тил мыйзамынын эрежелери сакталбаган 17 учур катталды
Эл өкүлү жыл сайын профсоюздарга мамлекет тарабынан 300 миллион сом бөлүнөрүн жана ар бир мүчөсү эмгек акысынын бир пайызын которорун, бул каражатты өкмөттөн бир орган көзөмөлдөшү керектигин кошумчалады.

Мирлан Бакировдун пикирин толугу менен текстке камтылган аудиодон уга аласыздар.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Гүлшат Асылбаева, Данияр Төлөнов жана Талайбек Масабиров КРдин "профессионалдык союздар жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөн.

Айта кетчү жагдай, респонденттин пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0