Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: жубайым акыркы алты жылда 677 млн. сом салык төлөптүр

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архив
Бир Бол фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты, экономика илимдеринин доктору Акылбек Жапаров байлар үчүн салыктын пайызын көбөйтүү керектигин айтты.
Жапаров: жубайым акыркы алты жылда 677 млн. сом салык төлөптүр

Менин жубайым Кыргызстанга конфет алып келип сатат. Ал алты жылда мамлекетке 677 миллион сом салык төлөптүр. Бул тууралуу Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салык төлөө мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

"Арменияны мисалга ала турган болсок, Ош облусундай аймакта жашап алып, жылына 3 миллиард киреше чогултуп атат. Кыргызстандын жарымындай болгон Грузия 5-6 миллиард киреше бюджетине түшүрүүдө. Ал эми биздин өлкө жылына 2 миллиардга жетпеген акча чогултуп, керек болсо Алматы шаарына тең келе албай жатабыз. Бул абдан өкүнүчтүү. Мен финансы министри болгондо талапты катуу коюп, 2005-2008-жылдар аралыгы бюджетти үч эсе көбөйткөнбүз. Эл салык төлөгөндү үйрөнүш керек. Бай адамдар байлардай салык төгүш керек. Финляндияда мыкты ишкерлер кирешесинин 38 пайызын салыкка беришет. Кирешеси азыраактары андан ылдыйыраак пайызын төлөшөт. Бизде да ушундай система ишке кирүүсү зарыл. Мисалы, менин жубайым конфет ташып иштейт. Ал соңку алты жылда мамлекетке 677 миллион сом салык төгүптүр", — деди Жапаров.

Депутат өткөөл мезгилди эске алып, коюлган 10 пайыздык салыкты ишкерлердин категориясына жараша жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0