Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмамбетова: Москва күндөрүнүн алкагында эки келишим ишке ашат

© Sputnik / Асель АкматалиеваСоветник мэра Бишкека Гуля Алмамбетова
Советник мэра Бишкека Гуля Алмамбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова 12-14-сентябрь аралыгында Бишкекте Москва күндөрү өтөрүн айтты.
Алмамбетова: Москва күндөрүнүн алкагында эки келишим ишке ашат

Борбор калаада өтүп жаткан Москва күндөрүнүн алкагында "Бишкек суу канал" мекемесинин ишин жакшыртуу жана мэрияны санарипке өткөрүү үчүн IT адистерин даярдоо боюнча иштер пландалган. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин деле Бишкек шаарында Москва күндөрү өтүп келген, бирок бул жолку иш-чара мурунку жылдарга салыштырмалуу масштабдуулугу менен айырмаланат.

"Москва күндөрүнүн алкагында расмий жолугушуулар болуп, экономикалык жаатта эки тараптуу кызматташтык талкууланат, ошондой эле келишимдерге кол коюлат. Ага Бишкек шаарындагы бардык ишкана жана мекемелердин жетекчилери катышат деп күтүп жатабыз. Ошондой эле эки шаардын жетекчилиги ортосундагы буга чейинки келишимдерге ылайык, "Бишкек суу канал" мекемесин жакшыртуу боюнча иштер аткарылат. Тактап айтканда, Россиядан келген атайын адистер сууну үнөмдүү колдонууга шарт түзгөн жабдыктардын технологиясы менен тааныштырат. Андан сырткары, билим берүү жаатында да макулдашууларыбыз бар. Ага ылайык, Бишкек шаарынын кыркка жакын муниципалдык мекемесин санарипке өткөрүү багытында демилгеленген "Электрондук мэрия" долбоорун ишке ашырууну көздөп жатабыз. Ал үчүн IT адистерин даярдап берүү боюнча Бишкек менен Москва шаарынын жетекчилери меморандумга кол коюшкан. Эми аны Москва каржылап, Россиянын компаниясы ишке ашырып бериши керек", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал Бишкек менен Москва шаарларынын ортосундагы кызматташтык 1993-жылдан бери уланып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0