Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбек уулу: кыргыз тил мыйзамынын эрежелери сакталбаган 17 учур катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи Май районуна караштуу 12-муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Сагынбек уулу
Биринчи Май районуна караштуу 12-муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Сагынбек уулу  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи Май районуна караштуу 12-муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурбек Сагынбек уулу ката жазылган көрнөк-жарнактарга кандай айып пул салынарын айтты.
Сагынбек уулу: кыргыз тил мыйзамынын эрежелери сакталбаган 17 учур катталды

Мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, биринчи протокол толтурганда катаны оңдоп чыгууга 30 күндүк убакыт берилет. Бул тууралуу Нурбек Сагынбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарнактардагы каталар оңдолбосо протокол түзүлүп, эреже бузуулардын бирдиктүү реестрине каттоого алынат.

"Көрнөк-жарнактардан каталар табылган учурда ээсине алгач эскертүү берилет. Ал 30 күндүн ичинде оңдолбосо, эреже бузуулардын экинчи категориясынын негизинде айып пул салынат. Мында жеке жактар 3000, ал эми юридикалык тараптар 13 000 миң сом төлөөгө милдеттендирилет. Айып пулун төлөбөй койсо туум эсептеле баштайт. Учурда кыргыз тили боюнча мыйзамды сактабай жазып, илинген 17 көрнөк-жарнак катталды. Алардын 11и өз учурунда оңдолду. Калгандарына экинчи категория менен протокол толтурулду", — деди Сагынбек уулу.

Ал Токтогул көчөсүндө англис тилинде жазылган көрнөк-жарнактар көп болуп жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0