Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Психолог: кыргыздардын баланы тарбиялоо ыкмасы эң туура болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековПсихолог Канышай Кожогелдиева
Психолог Канышай Кожогелдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог Канышай Кожокелдиева кыргыздар эзелтеден эле балдарына улуттук оюндар, ага жасалган мамиле жана сөздүн жардамы менен таалим-тарбия берип келишкенин айтты.
Психолог: кыргыздардын баланы тарбиялоо ыкмасы эң туура болгон

Психология илимине ылайык илгерки кыргыздардын баланы тарбиялоо ыкмасы эң туура болгон. Бул тууралуу Канышай Кожокелдиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз коомчулугунда балага ата-энесинен сырткары туугандары, кошуналары, жада калса айылдаштары да акыл-наасатын айтып, чоңоюп келе жаткан жеткинчекти биргеликте тарбиялашкан.

"Кыргыздар эзелтеден эле баланы сөз менен жана ага жасалган мамиле аркылуу тарбиялоо жакшы ыкма экенин билишкен. Алар балдарын сөз, каада-салт, улуттук оюндар аркылуу тарбиялашкан. Мисалы, кыз балага кичинесинен аяр мамиле жасап, ал башка бүлөнүн энчиси экендигин ар дайым эскертип турушкан. Ойногондо да чоңураак келин-кыздарга кошуп, алардан үлгү алгандай шарт түзүшкөн. Ал эми эркек баланы болсо чыйрак болсун деп болочоктогу милдеттерин эске салышкан. Ушундай мамиле аркылуу бала эркекти кыз кишиден айрып таанып, алардын ар бирине тийиштүү өзгөчөлүктөрдү үйрөнгөн", — деди психолог.

Ошондой эле ал баланын психологиясына кийимдин фасону жана өңү да чоң таасирин тийгизерин, ошол себептен эркек балага өзүнө таандык кийимдерди жана кызга өзүнүн кийимдерин алып бериш керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0