Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аравияда аттан жыгылган Аширова: мекенден кеткен спортчуларды эми түшүндүм

© Sputnik / Табылды КадырбековАбубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин режиссёру Асланайым Аширова
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин режиссёру Асланайым Аширова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин режиссёру Асланайым Аширова учурда ден соолугу канааттандырарлык экенин айтты.
Аравияда аттан жыгылган Аширова: мекенден кеткен спортчуларды эми түшүндүм

Кырсыктаган учурда өкмөт тарабынан колдоо болбогону капалантат. Мындай пикирин Асланайым Аширова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, белгилүү жаачы кыз Аширова Сауд Аравияда үстүбүздөгү жылдын март айында өткөн Camel Fest фестивалына даярдык көрүп жатып жаракат алган. Эр-Риядда дарыланып, кийин Кыргызстанга алып келинген.

Өнөрпоздун айтымында, бутунун сөөгү талкаланып кеткендиктен, аябай кыйынчылык менен калыбына келип жатат.

"Кыргызстандагы спортчулар эмне себептен мекенин таштап, чет мамлекетке кетип калышарын эми түшүндүм. Себеби бизде мамлекет тарабынан колдоо жок экен. Кырсыктаганда сизге өкмөт кичине болсо да жардам бердиби деп менден бүгүнкү күнгө чейин сурашат. Тилекке каршы, мамлекет жардам көрсөткөн жок. Кыргызстанда спортчуларга медициналык страховка берилбейт. Бутум сынып жатканда "өлкөнүн желегин желбиретип, атын чыгарып келгем, чолок болуп калгым келбейт, бутумду сактап калганга жардам бериңиздер, кайтып келгенде чыгымдарды төлөп бергенге аракет жасайм" деп мамлекетке кайрылдым. Жардам болбогондуктан Сауд Аравия бүт чыгымды мойнуна алды. Эми экинчи операцияны күтүп жатам", — деди Аширова.

Артист кыргыз цирки түп-тамырынан бери толук реформага муктаж экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0