Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шабданов: "Коопсуз шаардан" бюджетке 260 млн. сом түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов. Архив
ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Эреже бузуулар кодексинин 500 миңден ашуун токтому чыгып, өз даректерине жиберилгенин айтты.
Шабданов: "Коопсуз шаардан" бюджетке 260 млн. сом түштү

Бүгүнкү күндө жол эрежесин бузган 200 миңден ашуун айдоочу айып төлөп, өлкө бюджетине 260 миллион сомдун тегерегинде каражат түштү. Бул тууралуу Медербек Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн токтомуна ылайык "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырып жаткан "Вега" компаниясынын эсебине ар бир айып пулдан 217 сом 50 тыйынын которулуп турат.

"2019-жылдын сентябрь айына чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган 500 миңден ашуун унаа ээлерине каттар жөнөтүлдү. Алардын ичинен 200 миңдей айдоочу айып пулун өз убагында төлөп, өлкө казынасына 260 миллион сомдон ашуун каражат түштү. Бул жалпы айыптардын 40 пайызын түзөт. Долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик казынадан акча кеткен жок. Бардык жабдуулар Россиянын "Вега" компаниясына тиешелүү. Ошондуктан келишимдин негизинде компания ар бир айып пулдан 217 сом 50 тыйын алып турат. Бул чоң сумма эмес. Анткени мыйзам боюнча эң аз делген биринчи категориядагы айыптын көлөмү 1000 сом болсо, анын 782 сом 50 тыйыны бюджетке түшөт", — деди Шабданов.

Ошондой эле ал ишеним кат менен унаа айдап жүргөн жарандарды темир тулпарларын тезинен өз атына каттатууга чакырып кетти.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0