Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бузурманов: протезди үй шартында оңдоо аны жарактан чыгарат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов
Жалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы практикалык тиш доктур Бактыяр Бузурманов сынып калган протезди үй шартында чаптоого аракет кылган бейтаптар көп экенин айтты.
Бузурманов: протезди үй шартында оңдоо аны жарактан чыгарат

Кийме тиш өйкөсө же жакшы отурбай жатса, стоматологго гана кайрылып оңдотуу керек.

Мындай пикирин Бактыяр Бузурманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чапталып, оңдолгон протез көпкө чыдабайт.

"Көбүнесе бейтаптар протезди үй шартында оңдоп-түзөөгө аракет кылышат. Аны өз алдынча чаптагандан кийин дарыгер кайра жасап бере албайт. Үй шартында жамалган кийме тиш жарактан чыкты деп эсептелет. Ал колдонгонго ыңгайлуу болгон күндө да организмге олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн. Андыктан сынып калган учурда ошол бойдон стоматологго алып келүү керек", — деди Бузурманов.

Стоматолог протездер клиникалык аспаптардын жардамы менен гана оңдолорун кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0