Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыбаев: ата-энелер баласын тарбиялоону мугалимге жүктөп койду

Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Амангелди Сыдыбаев
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Амангелди Сыдыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Амангелди Сыдыбаев мектептерде суициддин алдын алууга багытталган иш-чаралар ай сайын өткөрүлүп турарын айтты.
Сыдыбаев: ата-энелер баласын тарбиялоону мугалимге жүктөп койду

Биз Ички иштер, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү, Саламаттыкты сактоо министрликтери менен биргеликте өз өмүрүнө кол салууну токтотуу боюнча иш-аракеттерди тынымсыз жүргүзүп турабыз. Бул тууралуу Сыдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланы маданий, коомдук иш-чараларга катыштырып туруу анын психикалык өсүүсүнө оң таасирин тийгизет.

"Биз 10-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк суициддин алдын алуу күнүндө гана эмес, ар ай сайын буга каршы иш-чараларды өткөрүп турабыз. Мектептерде директордун окуу, тарбия иштери боюнча орун басары иш планына киргизип, бул багытта иш алып барат. Милдеттүү сабактардан тышкары окуучуларга тарбиялоо усулдары өткөрүлүп турат. Мугалимдер ата-энелер менен тыгыз иш алып барганга аракет кылууда. Негизги көйгөй мигрант ата-энелердин көбөйүшүнөн келип чыгууда. Ошондой эле ата-энеси жанында болгон балдар суицид жасоо коркунучунан алыс деп айтуу кыйын. Анткени азыркы заманда балдарга аз көңүл бурулууда. Окуудан сырткары тарбия иштери да мугалимдерге жүктөлүп калды. Андыктан ата-эне баланы мектепке киргизип коюп эле тим болбостон, анын кандай окуп жатканын көзөмөлдөп, мектептеги жыйналыштарга катышып, өз баласына анализ жүргүзүп турушу керек", — деди Сыдыбаев.

Ал учурда мектептерге жогорку билимдүү, кесипкөй психологдорду алууга басым жасалып жатканын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0