Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанова: өлкөдө суициддин алдын алуу күнү үч жылдан бери белгиленет

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудник минтруда и социального развития КР Динара Асанова
Сотрудник минтруда и социального развития КР Динара Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 10-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк суицидди алдын алуу күнү.
Асанова: өлкөдө суициддин алдын алуу күнү үч жылдан бери белгиленет

Кыргызстанда суициддин алдын алуу күнү 2016-жылдан бери белгиленип келет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Динара Асанова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суицид — өспүрүмдөр арасындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири.

"Бул күн Кыргызстанда үч жылдан бери белгиленип, суицидге олуттуу көңүл бурулуп келет. Өспүрүмдөрдүн арасындагы эң көйгөйлүү маселелердин бири — өз өмүрүнө кол салуу. Аталган тармакта тиешелүү министрликтер чогуу мындай терс көрүнүштүн алдын алуу максатында түрдүү иш-чараларды уюштуруп келебиз", — деди Асанова.

Ал ошондой эле өспүрүмдөрдүн суицидге баруусунун негизги себеби миграцияга байланыштуу экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0