Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аликанова: адамдын мүнөзү түйүлдүк кезинде эле калыптана баштайт

© Sputnik / Досхан НусупбековПсихолог Айгүл Аликанова
Психолог Айгүл Аликанова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог Айгүл Аликанова курсакта жаткан баланын мүнөзү ата-энесинин уул же кыз күткөнүнө жараша калыптанарын айтты.
Аликанова: адамдын мүнөзү түйүлдүк кезинде эле калыптана баштайт

Бала түйүлдүк кезинде эле аны эркек болот дей беришсе, бирок курсакта кыз жетилип жаткан болсо, ал кийин эркек мүнөз болуп чоңоюшу мүмкүн. Ошондой эле бала эркек болуп, бирок аны кыз деп күтүшсө төрөлгөндөн кийин анын жүрүм-туруму аялдардыкына окшоп калышы ыктымал. Бул тууралуу Айгүл Аликанова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, төрөлө элек баланын жынысы биологиялык кубулуштарга жана генетикага гана байланыштуу болот.

"Бала түйүлдүк кезинен тарта эле ата-энеси эмнени кааласа ошону сезип турат. Бала курсакта жатканда сыртта эмне болуп жатканын түшүнөт, ошого жараша калыптанат. Мындан улам ата-эненин күткөнү баланын мүнөзүнө түздөн түз таасир этет. Мисалы, болочок аталардын көпчүлүгү эркек бала күтүшөт, ошого жараша аялына мамиле жасайт. Ал нерсе балага таасир этет. Мындан улам эгер түйүлдүк кыз болуп жетилип жаткан болсо, ал кийин төрөлгөндө эркек мүнөз болуп калышы мүмкүн. Ошондой эле боюнда бар аял эркек бала көтөрүп, бирок кыз күтсө төрөлгөндө ал баланын жүрүм-туруму кыздардыкындай болуп калышы ыктымал. Баланын жынысы түздөн түз генетикага байланыштуу. Ошол себептен ата-энелер алдын ала кыз же эркек болот деп так айтып күткөнү туура эмес", — деди психолог.

Ошондой эле ал бала төрөлгөндөн кийин сөзсүз түрдө эркектин жана аял кишинин моделин көрүп, ким кандай мүнөзгө ээ болорун жана алар кандай айрымаланып турарын билип чоңоюшу керектигин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0