Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: өз өмүрүнө кол салуу фактысы Ошто көп катталган

© Sputnik / Табылды КадырбековУчастковый инспектор ИДН Казыбек Иманалиев
Участковый инспектор ИДН Казыбек Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин өкүлү Казыбек Иманалиев суицидди алдын алуу иштери республика боюнча такай жүргүзүлүп келерин айтты.
Иманалиев: өз өмүрүнө кол салуу фактысы Ошто көп катталган

Соңку жети айда өлкө боюнча 46 суицид фактысы катталды. Бул тууралуу Казыбек Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өз өмүрүнө кол салуу фактысы жыл башынан бери Ош облусунда эң көп болду.

"Өз өмүрүнө кол салуу фактылары барган сайын азайып жатат. Буга тиешелүү тармактардын тынымсыз иш алып барып жаткандыгы негиз. Статистикалык маалыматтарга токтоло кетсек, өлкө боюнча 2013-жылы 125, 2014-жылы 103, 2015-жылы 96, 2016-жылы 95, 2017-жылы 97, 2018-жылы 88 суицид фактысы катталган. Ал эми быйыл жыл башынан берки жети ай ичинде 46 адам өз өмүрүн кыйды", — деди ИИМдин өкүлү.

Иманалиев эң көп көрсөткүч Ош облусунда экенин жана аталган аймакта 11 киши көз жумганын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0