09:45 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
КРдин эмгек сиңирген ишмери, комузчу Ирина Суеркулова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Суеркулова: балдарга комуз үйрөтүүдөн ырахат алам

Радио
Кыскача шилтеме алуу
76 0 0

КРдин эмгек сиңирген ишмери, комузчу Ирина Суеркулова "Акак" комузчулар ансамблинин түзүлгөнүнө 25 жыл толгондугун айтты.

Комузчулук өнөрдө педагогикалык багытты аркалап калышыма устаттарым себепкер болду. Бул тууралуу Ирина Суеркулова Sputnik Кыргызстан радиосунун 9-сентябрь — комуз күнүнө карата эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдарга комуз үйрөтүү абдан жоопкерчиликтүү иш. Анткени педагог баланын ата-энесинин алдында эле эмес, ата-бабадан мурас катары келе жаткан өнөр алдында да милдеттеме алат.

"Музыкалык мектептен баштап консерваторияга чейин жалпысынан 20 жыл комузду окуп, үйрөндүм. Ошол билим алып жүргөн кезимде эле залкарлар Калыбек Жекшенов, Дастан Сарыгулов, Эстебес Турсуналиев, Асанкан Жумакматов сыяктуу устаттарым баары бир ооздон келечекте жаш комузчуларды тарбиялап, педагог болууга шыгым бар экенин айтышты. Ошол устаттарымдын кеңешин туура көрүп, мен "Акак" деген комузчулар ансамблин түзүп, жаш комузчуларды тарбиялап келе жатканыма 25 жылдын жүзү болуп калды. Балдар менен иштешкен менин өзүмө да абдан жагат. Бул бир чети жоопкерчилиги күч, экинчи тарабынан түйшүктүү да, ырахаттуу да кесип", — деди педагог.

Ал атайын бир күндү комузга арнап, республикалык деңгээлде белгилениши салттык музыканын мындан ары да өнүгүүсүнө сезилерлик түрткү болот деген пикирин кошумчалады.

Эске салсак, ушул жылдын июль айында мамлекет башчы 9-сентябрда комуз күнүн белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.

Тема боюнча

Улуттук банк: "Мобильник" 6-февралга чейин кардарлар менен эсептешүүсү керек
Белгилер:
жоопкерчилик, өнөр, балдар, педагог, комуз

ЭҢ МААНИЛҮҮ