Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Моношбекова: "Ак илбирсти сактайлы" марафонунун байге фондусу 4,5 млн. сом

© Sputnik / Табылды КадырбековМаркетолог спортивного объединения Nomad Айгерим Моношбекова
Маркетолог спортивного объединения Nomad Айгерим Моношбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Nomad Sport коомдук бирикмесинин маркетологу Айгерим Моношбекова 15-сентябрда Бишкекте өтө турган "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык кайрымдуулук марафонунун байге фонду 4,5 миллион сом экенин айтты.
Моношбекова: "Ак илбирсти сактайлы" марафонунун байге фондусу 4,5 млн. сом

21 чакырымга чуркап, профессионалдар арасындагы категорияда биринчи келген спортчуга 630 миң сом берилет. Бул тууралуу Айгерим Моношбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 21 чакырымга жүгүргөндөргө акчалай сыйлык ыйгарылып, ал эми 5 жана 14 чакырымга чуркагандар үчүн атайын демөөрчүлөрдүн белектери тапшырылат.

"Ак илбирсти сактайлы» эл аралык кайрымдуулук марафонунун байге фондусу 4,5 миллион сомду түздү. 1-орунга профессионалдар арасында 630 миң сом берилсе, ал эми спорт сүйүүчүлөр арасында марага биринчи келген кишиге 45 миң сом ыйгарылат. Калган каражат орундарга жараша бөлүнөт. 5 жана 14 чакырымга чуркагандарга демөөрчүлөр тарабынан белектер даярдалып жатат. Ошондой эле ар бир катышуучу салтка айланып калган биздин бирикменин медалы менен сыйланат", — деди Моношбекова.

Ал, мындан сырткары, көзү азиздер да марафонго катыша ала турганын кошумчалады.

Эске салсак, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган спорттук иш-чаранын медиа өнөктөшү.

Жаңылыктар түрмөгү
0