08:51 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов
© Sputnik / Асель Акматалиева

Шабданов: жол эрежесин бузган жөө адамдар да 1000 сомдук айыпка жыгылат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
146801

ЖКККББнын мониторинг борборунун жетекчисинин орун басары Медербек Шабданов Эреже бузуулар кодексинин алкагында жол эрежесин сактабаган жөө жүргүнчүлөргө биринчи категориядагы айып салынарын айтты.

Жол эрежесин бузган жөө адамдар айып пул катары 1000 сом төлөйт. Бул тууралуу Медербек Шабданов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жол эрежесин сактабаган жөө адамдарга айып салынып, 15 күндүн ичинде төлөй турган болсо, ага 50 пайыз жеңилдик берилет.

"ИИМ тарабынан жол коопсуздугун кынтыксыз камсыздоо боюнча ЖКККББ кызматкерлерине тапшырма берилип, иш мерчеми бекитилген. Анын алкагында жол эрежесин бузган жөө адамдарга да чара көрүү талабы бар. Эгерде жөө бараткан адам жол чырагы кызыл күйүп турганда же тыюу салынган жерлерден өтүп, автоунаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратуу менен жол кырсыгына алып келе турчу абалга себепкер болсо, ага дароо протокол түзүлөт. Ал Эреже бузуулар кодексине ылайык биринчи категориядагы айып пул — 1000 сом төлөйт. Айдоочулар сыяктуу эле эгер айыпка жыгылган жөө киши аталган сумманы 15 күндүн ичинде төлөй турган болсо, ага 50 пайыздык жеңилдик берилет", — деди Шабданов.

Ошондой эле ал жаңы окуу жылы башталгандан бери мектептердин жанында ЖКККББнын кызматкерлери иш алып барып, окуучулардын жолдогу коопсуздугун көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Ош: май куюучу жайдагы өрт боюнча кылмыш иши козголду
Белгилер:
айып пул, жүргүнчү, жөө адам, жол эрежеси, Коопсуз шаар

ЭҢ МААНИЛҮҮ