Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Самудинов: "Байчечекей" алгач ай сайын 80 миң нускада басылып чыкчу

© Sputnik / Асель АкматалиеваНародный поэт КР, главный редактор журнала "Байчечекей" Токтосун Самудинов
Народный поэт КР, главный редактор журнала Байчечекей Токтосун Самудинов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эл акыны, "Байчечекей" балдар журналынын уюшулган 1977-жылдан берки башкы редактору Токтосун Самудинов журналдын жаралуу тарыхын айтып берди.
Самудинов: "Байчечекей" алгач ай сайын 80 миң нускада басылып чыкчу

"Байчечекей" журналы жаш балдардын жан дүйнөсүн байытуу менен алек болуп келет. Бул тууралуу Токтосун Самудинов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, журналдын ичиндеги айрым материалдар бүгүнкү күндө чет тилдерде дагы басылып чыгып жатат.

"СССР маалында Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мамлекеттеринде балдарга арналган журналдар чыгып келген. Совет заманында жаштарды тарбиялоо идеологиясы өзгөчө эле. Бизде да 1977-жылы "Байчечекей" деген аталышта эң кичинекей балдар үчүн журнал жарык көрдү. Балдардын психологиясын изилдеп чыгуу керек болгондуктан, башкы редактор катары уюштуруу иштери кыйынга турду. Алгач массалык түрдө 80 миң нускада басылып чыккан. Азыркы учурда мындай нерсе түшүбүзгө да кирбейт. "Байчечекей" журналынын максаты баланы туура тарбиялоо, дүйнө таанымын өстүрүү болуп саналат", — деди башкы редактор .

Самудинов учурда аталган журналда жети адам эмгектенип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0