Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Үсөнакун уулу: Мамлекеттик ипотекалык компания эми үй бере баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель председателя ОАО "Государственная ипотечная компания" Нуржигит Усенакун уулу
Заместитель председателя ОАО Государственная ипотечная компания Нуржигит Усенакун уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын төрайымынын орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу эми каалоочулар жашап жаткан үйүнүн ижара акысын компанияга төлөп жашаса болорун айтты.
Үсөнакун уулу: Мамлекеттик ипотекалык компания эми үй бере баштайт

Мамлекеттик ипотекалык компания жарандарга даяр үйлөрдү сунуштайт. Аны алган адам батирдин ижара акысын ипотеканын эсебинен төлөп жашай берет. Бул тууралуу Нуржигит Үсөнакун уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган программа Бишкек жана Нарын шаарларындагы бюджеттен айлык алган кызматкерлерге жеткиликтүү.

"Мамлекеттик ипотекалык компания Бишкек жана Нарын шаарларынан эконом-класстагы батирлерди берет. Бул көп кабаттуу үйлөр өлкөдөгү курулуш тармагын колдоо максатында компаниянын өз эсебинен салынган. Учурда толук курулуп бүтүп, пайдаланууга ылайыкташтырылган. Бул үйлөрдөн ипотекага батир алуу шарты мурдагыдай эле, эң чоң айырмачылыгы —  керектөөчүлөр баштапкы төлөмү жок алышат. Кирип жашаган айынан баштап ижара акысын төлөшөт. Ошол ижара акысы ипотекалык насыянын эсебине которула берет. Пайыздык өлчөмү алты пайызды түзүп, батирдин аянты 75 чарчы метрден ашпашы керек. Бир чарчы метрине болгон баа 40 000 сомдон жогору болбошу шарт", — деди Үсөнакун уулу.

Ал аталган үйлөрдөн ипотека алуу үчүн Бишкек шаардык мэриясы тизме бергендигин, ал эми Нарын боюнча алчулардын тизмеси учурда түзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0