03:31 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Мамлекеттик архив кызматынын документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жолдошбекова
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Жолдошбекова: Россиянын архивдеринен кыргыздар тууралуу документтер табылды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
1431 0 0

Мамлекеттик архив кызматынын документтерди пайдалануу жана жарыялоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жолдошбекова кыргыз элине жана Кыргызстандын тарыхына тийиштүү архивдик документтерди чет мамлекеттерден алып келүү боюнча өкмөттүк программа бар экенин айтты.

Кыргыздардын тарыхына тийиштүү чет өлкөлөрдөгү алгачкы архивдик материалдар Россиядан алып келинди. Бул тууралуу Бакыт Жолдошбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыздарга байланыштуу архивдик маалыматтарды чет өлкөлөрдөн алып келүү программасы 2015-жылы 23-декабрда өкмөттүн тескемесинин негизинде иштелип чыгып, 20 жылга ылайыкталган.

"XX кылымдын баш чендерине чейин кыргыздарда архив болгон эмес. Бирок ага карабастан Россия падышалыгынан келген изилдөөчүлөр XVIII- XIX кылымдар аралыгында азыркы Орто Азиянын аймагына чейин кыдырып, көргөн-билгендерин кагаз бетине түшүрүп келишкен. Андай тарыхый документтер азыркы учурда Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Омск шаарларындагы архивдерде сакталуу. Өкмөттүн кыргыз элине жана Кыргызстандын тарыхына тийиштүү архивдик документтерди чет мамлекеттерден алып келүү боюнча программасына ылайык, биз көптөгөн кызыктуу документтерди жана алардын көчүрмөсүн алып келдик. Мисалы, Омск шаарындагы архивден 1749-жылдагы кыргыздар тууралуу маалыматтарды таптык. Бул - биздин борбордук мамлекеттик архив үчүн баа жеткис табылга. Анткени буга чейин тарыхтагы биз билбеген жаңы маалыматтар архивдик документ менен тастыкталып, коомчулукка сунушталып жатат. Бул - аталган программанын алкагындагы алгачкы гана жетишкендик. Алдыда дагы көптөгөн ачылыштар бар", — деди Жолдошбекова.

Ал ошондой эле эми коңшулаш Казакстан менен Өзбекстандын архивдеринен кыргыздар тууралуу маалымат издеп, топтоо пландаштырылып жатканын кошумчалады.

 

Белгилер:
тарых, документ, архив, өкмөт, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ