Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: жайында Ысык-Көлгө дем алыш күндөрү 25 миңдей унаа келип жатты

© Sputnik / Табылды КадырбековАким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев
Аким Иссык-Кульского района Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл райондук администрациясынын башчысы Данир Иманалиев жайкы сезон толугу менен жабыла электигин айтты.
Иманалиев: жайында Ысык-Көлгө дем алыш күндөрү 25 миңдей унаа келип жатты

Расмий маалыматтар боюнча, бул жылы Ысык-Көл жергесине жайкы сезон учурунда 1 миллиондон ашык турист келди. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишемби жана жекшемби күндөрү 25 миңдей унаа келип турган.

"Бүгүн, 4-сентябрда, көлдүн сезону толугу менен жабылды дегенден алыспыз. Бирок туристтердин саны азайды. Быйыл Ысык-Көл жергесине бир миллиондон ашык турист келип кетти. Облуска кирген ар бир унааны камералардын жардамы менен эсептеп жаттык. Жыйынтыгында ишемби жана жекшемби күндөрү 25 миңдей унаа кирип, кайра чыгып жатканы анык болду", — деди Иманалиев.

Ал ар бир унаада 3-4 киши болгондо, дем алыш күндөрү эс алуу үчүн 100 миңден ашуун адам келип кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0